Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Эсеп палатасы өкмөткө каржы тартибин бузуу фактысы боюнча сунуш киргизди


Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитети кезектеги жыйынында «2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу» каржы министрлигинин отчетун укту. Анда каржы министри Марат Султанов 2008-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 45 млрд. сомду түзүп, киреше жыйноо жыл аягында 1 млрд. 50 млн. сомго аткарылбай калгандыгын, 70,7 млн. сом бюджеттик таңсыктык пайда болгондугун билдирди.

Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гайпкулов бул жылы каржы көзөмөлү начар иштегендигин, Финансы министрлиги каржыны бөлүштүрүү менен эле чектелип, бюджеттик каржыны өздөштүрүү көзөмөлү талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүгүн айтты. Эсеп палатасы тарабынан текшерилген 9 айдын ичинде 256 млн. сом каржы тартибин бузуу көрүнүштөрүнүн бети ачылган.

Текшерүү жыйынтыгында Эсеп палатасы өкмөткө 93 бюджеттик каржы тартибин бузуу фактысы боюнча сунуш киргизди. Депутаттар азырынча чечим кабыл албай туруп, бул маселени кезектеги жыйында кеңири талкуулап, мыйзам бузган тараптарды жоопкерчиликке тартуу чарасын көрүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылууну чечишти. (AzK)

XS
SM
MD
LG