Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

К. Ташиев: Мага каршы өнөктүк жүрүп жатат


Эсеп палатасынын жана каржы полициясынын кечээ журналисттерге берген маалыматы жалган, деп билдирет экс-министр Камчыбек Ташиев маалымат каражаттарына жолдогон кайрылуусунда. “Эсеп палатасынын төрагасы И. Гаипкуловдун маалыматында чукул кырдаалдар министрлиги күйүүчү майды ортомчулар аркылуу сатып алгандыгынан улам 6 млн. 987,7 миң сом коротулган деп айтылат. Бирок ал кезде дизелдик күйүүчү майдын баасы 29,5 сом болчу. Ошол убакта биздин күйүүчү майды өз убагында 24 сомдон 29,5 сомго чейинки баада сатып жетишкендигибиз үчүн 8 млн. сом үнөмдөлүп калган, анткени баалар 37 сомго чейин чыкканы белгилүү,” деп айтылат кайрылууда. К. Ташиев ошондой эле чукул кырдаалдар министрлиги менен “Спецтехника” жеке ишканасынын ортосундагы түзүлгөн келишимдин убагында 2009-жылдын 15-январына чейин ишке ашпай калуусуна министрликтин да, ишкананын да күнөөсү жок деп белгилейт. Анын бекемдөөсү боюнча өрт өчүрүүчү машиналарды сатып алуучу акчаны өкмөт 2009-жылдын июнь айынын аягында бөлүп берген. “Бул акчанын бир тыйыны да коромжуга учуратылбай, өрт өчүрүүчү машиналар бүгүнкү күнгө чейин түшүп атат. Эсеп палатасынын текшерүүсү 2009-жылдын 27-мартында аяктап, акт түзүлгөн. Эсеп палатасы буга чейин эмнеге унчукпай келди? Бул мага өкмөт башчынын негизсиз чабуулунан кийинки атайын жүргүзүлүп жаткан өнөктүк,” деп белгиленген кайрылууда.
Өкмөт башчы Д. Үсөнов болсо Камчыбек Ташиевди чукул кырдаалдар министри болуп турган тушта миллиондогон сом акчаларды короткон деген маалыматты бүгүн жаңы министрди тааныштыруу учурунда билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG