Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

М. Ташиев: Милиционерлер үй камагына жасалма коюлган кол менен чыгышкан


Алмаз Ташиевди өлтүргөн деп айыпталып камалгандардын башы бошотулганы мыйзамсыз, деп билдирди “Азаттыкка” маркум журналисттин иниси Мелис Ташиев. Анын айтуусунда Ноокат райондук соту журналисттин апасынын колун жасоо жолу менен эки милиция кызматкерин: Шүкүрбек Нурматовду жана Нургазы Батырбек уулун 10-декабрда үй камагына чыгарган. Бул күнкү соттук териштирүүгө жабырлануучулар чакырылган да эмес. “Бул үчүн мен ушундайга барган соттун өзүн жоопкерчиликке тартылуусун талап кылам” дейт Мелис Ташиев.
Мурда кабарлангандай 10-декабрда Ноокат райондук соту Алмаз Ташиевди өлтүргөн деп айыпталып, камакка алынган милиция кызматкерлери Ш. Нурматов менен Нургазы Батырбек уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен үй камагына чыгарган. А. Ташиевдин адвокаты Н. Сүйүнбаева алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө маркум журналисттин туугандары макулдугун беришкенин “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG