Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Өзбекстан газды өчүрөрүн эскертти


Көгүлтүр отко карыздар убагында төлөнбөсө өзбек тарап газ берүүнү токтотору тууралуу маалымдаманы кыргыз өкмөтүнө жолдогон. Бул тууралуу КР премьер-министри Д. Үсөнов бүгүн өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтуусунда “Кыргызгаз” ишканасы ноябрь айында элге 5 млн. долларлык көгүлтүр отун сатып, анын акысына 4 млн. доллар гана жыйнаган. Ал эми декабрь айынын алгачкы эки жумасында кыргызстандыктар 4 млн. долларлык газ жагып, акысына 3 млн. доллар гана беришкен. Өкмөт башчы бул маселе боюнча энергетика министри Илияс Давыдовго газ боюнча акыларды өз убагында чогултууну милдеттендирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG