Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Борбор калаада түштүк магистралы ачылды


Кан жолдун ачылышына президент К. Бакиев катышып, бул жол -Бишкектин түштүгү менен түндүгүн байланыштыруучу транспорттук айлампанын башталышы болорун белгиледи. Мамлекет башчы жалпы эле жолдорду өнүктүрүү программасы жакшы иштеп жатканына токтолуп, жолдорду куруу жана оңдоо иштерине бөлүнүүчү каражат акыркы төрт жылдын ичинде 8,5 эсеге көбөйгөнүн баса белгиледи.
2005-жылдан бери Кыргызстанда 2242 чакырым эл аралык магистралдын 590 чакырымы ишке кирди. Ушул тапта дагы 382 чакырым жол курулуунун үстүндө.
Бишкектеги түштүк магистралы борбор калаанын Бах жана Байтик баатыр көчөлөрүн бириктирип турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG