Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

“Реемстма-Кыргызстандын” ишмердүүлүгү талкууланды


Бүгүн ”Ак Жол” депутаттык фракциясы «Реемстма-Кыргызстан» АКсынын иш аракетин карап чыккан депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Текшерүүнүн жүрүшүндө ар кандай алдамчылык опперациялардын натыйжасында Кыргызстандын, анын өкүлү болгон «Кыргыз тамекиси» мамлекеттик ачык акционердик коомунун «Реемстма-Кыргызстандагы» үлүшү 0,9 пайызга чейин түшүп кеткендиги такталганы белгиленди. Ошондой эле чийки зат өстүргөн дыйкандардын кызыкчылыгы четте калып, үстүбүздөгү жылы өлкө боюнча 7,5 миң тонна тамеки өстүрүлсө, «Реемстма-Кыргызстан» тамеки иштетүү фабрикасы тарабынан ортомчу компаниялар аркылуу анын 2 миң тоннасы гана сатылып алынганы айтылды. Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар «Реемстма-Кыргызстан» тамеки иштетүү фабрикасынын жана “Кыргызтамексинин” ишин сынга алып, Башкы прокуратура жана финансы полициясынын карап чыгуусун, өкмөт бул маселени көзөмлгө алуусун сунушташты. (AJ)

XS
SM
MD
LG