Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Парламенттин кайрадан түзүлгөн Аппараты жаңы баскычка өтүүдө


Парламенттин Аппарат жетекчиси Авланбек Жумабаев мамлекеттик башкаруу тармагын реформалоонун алкагында Аппараттын кайрадан түзүлгөн түзүмдүк бөлүм жетекчилери менен жумушчу чогулушун өткөрдү. Анда Аппарат бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу багытындагы иш милдеттер аныкталып, алардын эриш-аркак иштөөсү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Апта ичинде жүргүзүлө турган иш планы аныкталып, анда келерки аптада Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин демилгеси боюнча жана Евробиримдик менен ПРООНдун Парламенттик долбоорунун алкагында «2010-жылга Кыргызстандын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылга божомолу жөнүндө» мыйзамдын долбооруна арналган парламенттик угуу өткөрүлө тургандыгы белгилүү болду. Ошондой эле өлкөнүн Конституциясына түзөтүүлөрдүн киргизилиши боюнча маселенин каралышына камылгаларды көрүү тапшырмасы берилди. Мындан тышкары жыйын катышуучуларына Жогорку кеңештин төрагасынын буйругу менен жаңыдан дайындалган Юридикалык башкармалыктын жетекчиси К.Байтереков тааныштырылды. Ал буга чейин төраганын кеңешчиси кызматында иштеп келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG