Нарында журналисттердин эмгек укугуна арналган жыйын өттү. Анда соңку жылдарда жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн куугунтуктоо, аларга кол салуу көбөйгөнү, ошону менен катар маалымат жарчылардын эмгек акылары келишим түзүлбөгөндүктөн төлөнбөй калган учурлар кездешип жатканы айтылды. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев мурдатадан уюшулган журналисттердин кесип бирлиги өз деңгээлинде иштебей калгандыгын белгилеп, мындан ары журналисттер үчүн ар аймакта кесип бирликтерди жаратуу вазыйпасы келип чыккандыгын белгиледи. Жергиликтүү бир катар журналисттер жетекчилик менен эч кандай келишим түзбөстөн иштеп жаткандыктарын, атүгүл канча маяна аларынан маалыматы жоктугун кеп кылышты. Алардын баамында, айрыкча мамлекеттик эмес ЖМКларда иштеген журналисттердин эмгек укуктары эч корголбойт. (KUs)