Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

НАТО баш катчысы Орусия лидерлери менен жолугат


Бул күз Орусия менен НАТОнун мамилесиндеги жаңы этап болуп калды, деп билдирди НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусунда.

Лавров болсо Москва менен Түндүк атлатикалык союздун ортосунда көз караштарда айырмачылыктар бар, бирок аларды драмалаштырбай, жаңы маселелерди чечүүгө кызматташууга даяр. Расмуссендин сапары 2008-жылдын августтунда болгон орус-грузин чатагынан кийинки сууй түшкөн Орусия - НАТОнун алакаларын жандантууга багытталып отурат. Президент Дмитрий Медведев жана премьер Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө талкуулана турган темалардын катарында Ооганстандагы абалды турукташтыруу, ракетага каршы коргонуу жана Орусиянын Европадагы коопсуздук боюнча жаңы сунуштары бар.

XS
SM
MD
LG