Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:47

Жалал-Абадда гендердик теңчилик маселеси талкууланды


Бүгүнкү талкууда көз карандысыз адис Таалайгүл Исакунова мамлекеттик уюмдарда гендердик теңчилик тууралуу түшүнүк калыптана электигин билдирди. Анын айтымында, аял-эркектин тең укуктуулугун сактоого мүмкүнчүлүк жок. Исакунова кыз ала качуу, мажбурлап күйөөгө берүү, аялды уруп-сабоо өнөкөтү жоюлбай келатканын белгиледи. Балалуу жана кош бойлуу аялдардын мамлекеттик ишканаларга жумушка орношуусу кыйын болгонун БУУнун өнүктүрүү программасынын жардамы менен жасалган изилдөө тастыктады. (YA)
XS
SM
MD
LG