Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Укук коргоочу Б.Иманкожоевага эки жыл берилди


15-декабрдагы отурумунда Жогорку Сот Барскоондогу Диагностика борборунун мурдагы башчысы, укук коргоочу Бактыгүл Иманкожоевага райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бактыгүл Иманкожоева учурда саламаттыгы начарлап ооруканада жатат. Жети-Өгүз райондук Соту Иманкожоевага кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген негиз менен жаза чектеген. Укук коргоочу муну “Карек” бейөкмөт уюмунун аракеттерин басуу максатын көздөгөн жергиликтүү бийликтин жалаасы, куугунтугу деп эсептеди. Буга чейин “Карек” бейөкмөт уюму канадалык “Кумтөр-голд компаниден” Барскоон кырсыгынан жабыркагандардын укугун коргоп, ар кандай иш-чараларды уюштуруп жүргөндүгү менен белгилүү. (AJ)

XS
SM
MD
LG