Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Жалал-Абад шаары газсыз калды


Жалал-Абад шаарында эки күндөн бери газ жок. Өзбекстандын газы үчүн жыйылган карыз төлөнбөй жаткандыктан көгүлтүр отунга чектөө киргизилди. Облустун керектөөчүлөрү өзбек газына 60 миллион сом карыз. Облус борборунун жашоочулары газ карызынын бат көбөйгөнүнө түшүнбөй жатышат. Айрым кишилер бийлик элди өз максатына керек маалда эстерин айтты. Көмүр-отун кымбат маалда эмки жылдан электр баасынын кымбатташына нааразы болгондор да жок эмес.

Кечээ түнү өчкөн газ бүгүн кечке күйгөн жок. Түнү өчүрүлчү электр тогуна суу үзгүлтүгү да кошумча болууда. Жалал-Абад шаарынын тургуну Самат Исакунов газ көзөмөлчүлөрү беш сом карыз болсо да карапайым калктан өндүрөрүн, көзөмөлчүлөр байманалуу жана чоң кызматтагы адамдардын үйлөрүнө кирүүгө даабай тургандыктарын айтат. Кезегинде таянган бийлик ушу тапта элге анча көңүл бурбай калды, деп эсептейт ал:

-Тиги жактан, бул жактан авария, карапайым калкта карыз болбойт, чиновниктерде эле болот. Кабат-кабат үйлөрүн куруп алып туруп, газ менен жылуулук кылып алышып, ошолорго тил өтпөйт. Төлөбөйт атат деген жалган. Арасында бар колунда жоктору. Бир нерсе болсо эле эл алга дейт, анан тополоң болсо эл дейт, элди карай турган адам деле жок азыр. Газды, светти. Сууну, баарын караштырып койсо жакшы болот эле.

Самат Исакуновдун береги оюн шаардагы газ чарба башкармасынын орунбасары Акрам Нарбаев четке какты. Өзбекстан ишканага газга чектөө киргизери тууралу 15- декабрда Ташкен убактысы боюнча саат 17де билдирген. Чектөө киргизүүгө “ Кыргызгаз” ишканасынын өзбек газына болгон 1 миллион 400 миң доллар карызы себепкер.

Аталган ишкана тарабынан ал карызды төлөөнүн аракеттери жасалууда,ошондуктан газ бүгүн-эртең кайра уланып калуусу мүмкүн, деп жооп берди Акрам Нарбаев. Жалал-Абад облусу Өзбекстанга 60 миллион сом бересе болсо, анын 55, 5 миллиону Майлуу- Суу шаарындагы электр шамы заводу менен аталган калаанын жашоочуларына таандык. Облус борборунун тургундары 600 миң сомдой карыз. Акрам Нарбаев көз каранды эмес талдоочулардын Өзбекстандын "Маданият” кыштагынан Кыргызстанга газ өткөн жерде кырсык болуусу мүмкүн, деген пикирин ырастаган жок:

-Бул элдин сөзү экен, ал эми биз городок, же шаар, жумушчу, директор деген сөз жок. Биз үчүн баары эле бир абонент. Бизге баары эле бир. Ким карыз болсо барып атабыз, төлөп атышат. Эгерде төлөбөй койсо, анда карызы өсүп кетмек да.

Газдын өчкөндүгү балалуу үй-бүлөлөргө оор тийди. Көп кабаттуу үйлөр меш жагып, казан асууга ылайыксыз. Облус тургуну Нургүл Жолоева эртең менен баласына тамак жасап бере албай калган. Ал үчүн газ карызынын бат өсүп жаткандыгы, кыргыз өкмөтүнүн өзбекстандыктар менен тең тайлаша газ акысын эсептеше албаганы түшүнүксүз. Жабдуулардын эскиргендигинен электр тармагына да оор болууда. Жумушта жүргөн Нургүл “кечинде жарык өчпөсө экен” деп тиледи:

- Биздин районубузда күнүгө 5-6 жолу өчөт. Мурдагы күнү такыр свети жок отурдук. Беш-алтыда жумуштан келсем, свет жок, ондо беришти, бир саатан кийин, саат 11де кайра өчүрүштү. Свет өчкөндө деле газ бар болчу, жок дегенде барып курсакты тойгузат элек. Азыр иште жүрөм, бирок ойлонуп атат, кеч курун барсам свет болобу, балдарыма ысык тамак бераламбы, же бералбаймбы деп.

Газдын капыстан кыш суугунда өчүүсү туура эмес болду. Каражаттын тартыштыгынан көпчүлүк отун- көмүр ала элек. “ Эне үмүтү” аттуу бейөкмөт уюмдун төрайымы Уулкан Мамасабирова эл эми электр тогуна таянып калгандыгын билдирди:

-Кышка азыр элдин даярдыгы жок. Отун, көмүр кымбат болуп атат, кабы 150 сомдон 200 сомго чейин. Бардыгы газ менен жылынат эле. Кыш оор болот деген сөздөр болуп атат. элдин үрөйү учуп турган кези азыр. Эми элект жарыгы жаңы жылдан кийин кымбаттаса жашоо кандай болот деп ойдо болуп турабыз азыр. Пенсия, айлыктар азыраак эле кошулду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG