Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

“Ал-Каида” менен талиптердин лидерлери Пакистанда жашырынып жүрүшөт


Бул тууралуу АКШнын аскер командачылыгынын расмий өкүлү, адмирал Майк Мюллен Исламабадда интервью учурунда билдирди. Ал – акыркы апталарда Пакистанга барган акыркы америкалык жогорку кызматтагы расмий өкүл. АКШнын президенти Барак Обама ооган жерине кошумча 30 миң америкалык аскерди жибере турганын айткандан кийин, ал абалды талкуулаш үчүн Ооганстанга, андан ары Пакистанга барган. Пакистан болсо ооган жеринде аскерий аракеттер күчөсө, жикчилер Пакистанга карай качышат деп чочулап жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG