Бишкек гарнизондук соту мурунку коргоо министри Исмаил Исаков боюнча чечимди бүгүн чыгарышы ыктымал. 30-ноябрдагы сотто мамлекеттик айыптоочу И. Исаковду сегиз жыл эркинен ажыратып, аскердик чинин алып үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Мурунку коргоо министри муну саясий буйрук катары баалоодо. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. (EBM)