Журналисттерди коргоо боюнча эларалык комитеттин докладында айтылгандарга караганда, буга быйыл 23-ноябрда Филиппинде журналисттер топтошуп баратканда болгон кол салуудан дароо 30 журналисттин өмүрү кыйылганы себеп болду. Жалпысынан алганда былтыр 2008-жылы жалпы дүйнө боюнча 42 кабарчы киши колдуу болгон эле. Быйыл болсо дүйнөдө 68 журналист аткарган иши үчүн жок кылынган. Быйыл журналисттер эң көп өлгөн мамлекеттердин ичинде, Филиппинден сырткары, Пакистан (төрт кабарчы), Орусия (үч кабарчы киши колдуу болду) турушат. Булардан сырткары докладда Ооганстан, Мексика, Шри-Ланка жана башка өлкөлөр да аталды. Өлтүрүлгөн кабарчылардын көпчүлүгү гезит жана блог сыяктуу басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү экени айтылды.