Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

И. Исаков боюнча сот иши жылдырылды


Бишкек гарнизондук соту мурунку коргоо министри Исмаил Исаков боюнча сот ишин бир аптага жылдыруу чечимин кабыл алды. Буга айыпталуучу Исмаил Исаковдун коргоочусу Азимбек Бекназаровдун жакын адамы дүйнөдөн кайтышы себеп болду. 30-ноябрдагы сотто мамлекеттик айыптоочу И. Исаковду сегиз жыл эркинен ажыратып, аскердик чинин алып үй-мүлкүн конфискациялоону сураган. Мурунку коргоо министри муну саясий буйрук катары баалоодо. Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. И. Исаков боюнча сот иши 25-декабрда улантылат. (EK)

XS
SM
MD
LG