Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Жалал-Абадда аялдарга карата зомбулукту токтотуу маселеси талкууланды


Республикалык “Аялдарга жардам көрсөтүү” борбору облус бийлигинде өткөргөн тегерек үстөл талкуусунда айтылгандай, алардын саясий укуктары чектелүүдө. Талкууда Жогорку Кеңештин 28, мамлекеттик кызматтардын 30 пайызын аялдар ээлегени менен алар орчундуу маселе чече албаган майда жумуштарда иштегени, жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда каражаттын тартыштыгы жана колдоо аздыгынан саясий активдүү аялдар депутат болбой калганы айтылды. Катышуучулар Швейцарияда аялдар 50 пайыз бийлик алгандай гендердик тең укуктуулукка жетүү үчүн ишти балдар бакчасы менен мектептен баштоону сунуш кылышты. (YA)

XS
SM
MD
LG