Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Консотко жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алынды. Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда президенттин демилгеси боюнча сунушталып жаткан “КР Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун “Конституциялык сотко корутунду үчүн жөнөтүү жөнүндө” токтомдун долбоору талкууланып, кабыл алынды. Аталган мыйзам президент тарабынан 14-декабрда парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Токтом долбоору боюнча маалымат берген Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы, депутат Зайнидин Курмановдун айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр Конституциялык соттун корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жатат. Андан кийин Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес добушу аркылуу кабыл алынууга тийиш. (AJ)