Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

ЖК 2009-жылдын бюджет долбооруна өзгөртүүлөрдү бекитти


Каржы министри Марат Султановдун билдиришинче, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде бюджет кайрадан эсептелип чыкты. Эсептөөлөр негизинде экономиканын киреше бөлүгү 1 млрд. 860 млн, ал эми чыгашасы 419,16 млн сомду түздү. Министрдин маалыматына ылайык бюджет дефицити 1 млрд 86,5 млн сомго кыскарды. Жалпысынан республикалык бюджет 1 млрд 806 млн сомго көбөйдү. М.Султанов жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү күтүлгөн чектен алда канча жогору болгонун баса белгиледи. Буга 2009-жылы социалдык тармакка кошумча каражаттардын кеткени себеп болду. Алдын-ала бюджет 4 млрд 544 млн сомго болжондонгон менен, азыр 5 млрд 75 млн сомду түзүп жатат. Бул пенсиянын көлөмү 40% көбөйгөндүгү жана Социалдык фондго жөлөк пулдарды төлөө боюнча көмөк көрсөтүү үчүн бөлүнгөн каражат эсебинен көбөйүп отурат. (EK)

XS
SM
MD
LG