Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Нарында карышкырлар калкка 3.7 миллион сомдук зыян тийгизди


Мындай маалыматты Нарын облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышов билдирди. Жыл башынан бери ырасмий эсепте 29 уй, 18 топоз, 51 жылкы, 64 тай жана 399 баш кой-эчки карышкырга жем болгон. Быйыл 17-декабрга карата облус аймагынан 128 карышкыр, 28 бөлтүрүк, 39 чөө өлтүрүлсө, өткөн жылы 245 карышкыр, 22 чөө атылган. Карышкырлардын быйылкы жылда аз атылгандыгын облустук акимчиликтин адиси Эсен Абышов бөрүлөрдүн саны азайгандыгы менен түшүндүрөт. Ал эми «Абдул-Разак коругу» коомдук уюмунун лидери Абдразак Шермамбетов мергенчилерге шарт түзүлбөгөндүктөн жана карышкырлардын терисине төлөм төмөн болгондуктан карышкырлар аз атылды деп эсептейт. (KUs)

XS
SM
MD
LG