Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Көлдө «Лидерликти тандайбыз» аттуу окуу өттү


«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору «Аялдардын тең укуктуулугу, өнүгүү жана тынчтык үчүн билим берүү коалициясы» WLP долбоорунун чегинде жакында Чолпон-Ата шаарында эки күндүк тренинг өткөрдү. Аталган тренинг кыргыз тилине которулган «Лидерликти тандайбыз» аттуу окуу куралынын негизинде жүргүзүлүп, окутууга отузга жакын аялдар катышты.
Ондогон аял-эркектердин, бейөкмөт уюмдардын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле окумуштуулардын, саясий лидерлердин, юристердин жана 16 мамлекеттин өнүгүү программаларынын тажрыйбалуу адистеринин идеяларын жана ыкмаларын өзүнө камтыган «Лидерликти тандайбыз» аталыштагы тренинг аял, эркек деп чектебейт. Буга чейин бул иш чара Исфана, Нарын, Ош шаарларында, Бөкөнбаев айылында өткөрүлгөн.
Бул тууралуу «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG