Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Пакистан оппозициясы президентти кызматтан кетүүгө үндөөдө


Пакистандын негизги оппозициялык партиясы президент Асиф Али Зардарини кызматынан кетүүгө үндөдү. 16-декабрда Жогорку Сот Зардариге мунаса берген декрет Конституцияга каршы келет деген тыянагын жарыялады. Токтом мурдагы президент Первез Мушарраф тарабынан Зардаринин жубайы, мурдагы премьер-министр, маркум Беназир Бхутто менен саясий келишимдин алкагында чыгарылган. Ага ылайык, коррупция үчүн айыпталган Зардари соттук кол тийбестикке ээ болгон. Азыр ал президент катары сот жообуна тартыла албайт. Бирок анын мамлекет башчылыкка шайланышы канчалык мыйзамдуу болгон деген суроо козголушу ыктымал. Оппозициядагы Мусулман Лигасы Зардари “моралдык себептен” кызматынан кетүүгө тийиш деп билдирди. Президент ага коюлган айып саясий жүйөгө негизделген деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG