Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Ооганстандын антикоррупциялык мекемеси сынга кабылды


Ооганстандын паракорлукка каршы күрөшкөн мекемесинин ишинде “олуттуу кемчиликтер” бар. Мындай бүтүм Ооганстандагы реконструкция иштерине көз салган АКШнын башкы инспекциясы тарабынан жасалды. Аудиторлор мекеменин жетекчилери президент Карзайдын кеңешчилери болуп иштегендиктен, “жеке көз карандысыздык” принциби бузулууда деп белгилешти. "Антикоррупциялык агенттикте кызматкерлер жетишпейт. Айрымдары болсо эң жөнөкөй иштерди аткарууга кудуреттүү эмес. Көптөрүнүн компьютер менен иштөөгө, маалымат чогултууга жөндөмү жок" деген жыйынтыкка келишти америкалык текшерүүчүлөр. Сөз болгон мекеме былтыр президент Карзай тарабынан түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG