Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

ИИМ кызматтык тартип бузгандарды текшерүүдө


Ички иштер министрлигинин буйругу менен мыйзамдуулукту жана кызмат тартибин бузган фактылар боюнча эскертүүчү- алдын ала иш чараларды жүргүзүү улантылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 16-декабрда Кыргызстандын аймагында фискалдык жана тартип коргоо кызматкерлеринин жол кыймылынын эрежелерин сактоосу боюнча текшерүү жүргүзгөндө, жолдо жүрүү эрежелерин бузган 10 факты катталган. Алардын төртөө тартип коргоо органдарынын кызматкерлери болуп чыккан. Бул окуя боюнча түзүлгөн протоколдор Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыкка жолдонуп, мыйзамга ылайык административдик таасир кылынат. Рейд маалында атайын техникалар аудио, видео аппаратуралары колдонулган. (AJ)

XS
SM
MD
LG