Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Петровка окуясы боюнча сот эртеңкиге жылды


Бүгүн Москва райондук соту Петровка айылындагы баш аламандык боюнча соттук териштирүүнү белгисиз себептер менен эртеңкиге жылдырды. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын төрагасынын орун басары Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” билдирди. Петровка окуясы боюнча 320 киши күбө өтүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин алардын 50дөн ашыгы көрсөтмө беришти.
Быйыл апрель айында Петровка айылында болгон улут аралык баш-аламандыктарга байланыштуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочулар Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскулов айыпталууда. Алар айыптоолорду четке кагып, саясий көз караштары үчүн куугунтукталып жатышканын билдирүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG