Бириккен улуттар уюмунун жетекчилигинде Копенгагенде климаттагы өзгөрүүлөр боюнча өтүп жаткан саммит бүгүн аяктайт жана анын жабылышына дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринин лидерлери катышаары күтүлүүдө. Ал аралыкта саммиттин акыркы күнүнө чейин өнүккөн жана эми өнүгүп келаткан мамлекеттер абага чыгарылып жаткан булганыч газдын көлөмүн азайтуу боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозо “Бул иште АКШдан демилгени күтүп жатканын, эгерде Кошмо Штаттары булганыч газдын көлөмүн кыскартууга милдеттенме алса, Евробиримдик да ушундай эле кадамга бараарын” айтты. АКШнын президенти Барак Обама бүгүн Копенгагендеги саммиттин жабылышына катышмакчы.