Бул тууралуу резолюцияны улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кабыл алды. Тизме 1999-жылдан тарта түзүлө баштаган эле. Анда азыр “Ал-Каида” террор уюму жана талиптер менен кызматташууга барган делген 500дөй адам менен ишканалардын аттары бар. Булардын ичинде 30дай адам андан бери көз жумду. Ал эми дүйнө боюнча муну “акыйкатсыз чечим” деп, 20дан ашуун иш соттордо каралууда. Бул тизмеге түшүп калгандардын банктагы ачкалары опуздалат, өздөрү эч жакка чыга албай калышат.