Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

2010-жылдын бюджети кайтарымы бар долбоорлорго жумшалат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегаалы Наргозуев билдирди. Анын айтымында, эмдиги жылга бюджетке 20 миллиард сомго чейин акча каралып жатат, бул каражаттар кайтарымы бар долбоорлорго жумшалат. "Буга чейинки бюджеттеги акчалар көпчүлүк учурда кайтарымсыз иштерге жумшалып келген",- дейт Б. Наргозуев. Бүгүн парламент жыйын куруп, анда Кыргызстандын 2010-жылдагы бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолдор тууралуу мыйзам долбоорду тлакуулайт. Жума башында парламент 2008-жылдагы бюджеттин сарпталышы тууралуу баяндаманы угуп, мамлекеттик казынадагы акчалардын туура эмес жумшалып кеткени үчүн айрым өкмөт мүчөлөрү сынга кабылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG