Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Коомдук Палата тарифтердин жогорулашына каршы


Коомдук палата кечээ электр энергиясына жана жылуулукка баанын көтөрүлүшүн талкуулады. Аталган палатанын өкүлү Орозбек Нусубалиев "Азаттыкка" жыйында бул жагдай тууралуу президентке кайрылуу жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдады. Мындай жогорулатуу эл үчүн өтө кыйын, бул боюнча президент өзүнүн калыс пикирин айтып, өкмөттүн тарифтерди көтөрүү токтомуна мораторий жарыялашы зарыл, дейт О. Нусубалиев. Коомдук палата жыл башында эл мүдөөсүн бийликке жеткирип туруу максатында президенттин жардыгы менен түзүлгөн. Кыргызстанда жаңы жылдан тарта электр энергиясына жана жылуулукка баа бир нече эсе жогорулайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG