Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

2010-жылдын республикалык бүджети талкууланууда


Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда каржы министри Марат Султанов толук маалымат берди. Анын айтымында, келерки жылы ИДП өсүүсү 5,5 %, тармактардагы экономикалык өсүш: тейлөө тармагында 6,7 %, айыл чарбасында 2,2 %, курулушта 17,6 % , өнөр жайда 2,9 %, инфляция 10,5 пайызды түзөт. Ал ошондой эле 2010-жылдын республикалык бүджетинин киреше бөлүгү 51 600,9 млн. сом (21,4 %ИДПга), былтыркыга салыштырмалуу 7,3 пайызга көбөйгөнүн, ал эми чыгаша бөлүгү 65 166,0 млн. сомго пландаштырылганын билдирди.
“Отун-кубатка тарифтин кымбатташы келерки жылы бүджетке кандай пайда берет?”- деген суроону СДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов министрге узатты. Каржы министр М.Султанов келерки жылы бүджеттик мекемелердин электр кубатына карыздарды толук төлөп берүүсүнөн 1 млрд 200 млн. киреше түшөрүн, Бишкек жылуулук түйүнүнө субцидия берүү 150 млн. сомго кыскартыларын, Энерго бөлүштүрүү компанияларына жылыга берилип келген кышка даярдыкка 700 млн. сом берилбестигин, жалпысынан бүджетке 2 млрд.сом түшөрүн айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG