“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, Тахир Юлдаш Өзбекстан ислам кыймылынын өзү тарабынан түзүлгөн “шахиддер” тизмесине киргизилген эмес. Кыймыл соңку бир жыл ичинде уруштардан же жанкечти чабуулдардан каза тапкан мүчөлөрүнүн тизмесин мусулман жыл эсеби боюнча жаңы жылдын кечээги алгачкы күнүндө жарыялады. Шахиддердин тизмесине он сегиз адам киргизилген. Алардын тогузу - Өзбекстандын жарандары. Мындан сырткары Тажикстан, Татарстан, Пакистандан экиден, ал эми Ооганстан, Кыргызстан, Германиядан бирден адам бар. Бирок алардын арасында Тахир Юлдаш жок. Талибан жана “ал-Каида” менен байланышы бар деп эсептелген Өзбекстан ислам кыймылынын лидери быйыл август айынын соңундагы ракеталык сокку учурунда мерт болгонун Пакистандын бийликтери октябрда жарыялашкан.