Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Түркияда күрддөр жаңы саясий партия түзүүдө


Күрддөрдүн жаңы саясий уюму – Тынчтык жана демократия партиясы деп аталат. Ага күрддөрдүн жакында ишине тыюу салынган партиясынын мүчөлөрү кирмекчи. Бул тууралуу Түркиянын Конституциялык соту өткөн жума күнү тыюу салган Демократиялык коом партиясынын лидери Ахмед Түрк билдирди. Анын айтымында, парламенттеги 19 депутаты кызматынан чегинбей турган болду. Түркиянын Конституциялык соту өткөн аптадагы чечими менен Демократиялык коом партиясынын гана ишин токтопостон, анын бир нече мүчөсүнүн беш жылга чейин саясат менен алектенүүсүнө тыюу салган, партия лидери Ахмед Түрктү кошкондо эки депутатты мандатынан ажыраткан. Партиянын мындай чечимге нааразылык билдирген 19 депутаты парламенттен кетээрин жарыялаган болчу. Конституциялык сот өз чечимин Демократиялык коом партиясы күрддөрдүн мурда эле мыйзамсыз деп табылган Күрд жумушу партиясы же ПКК менен байланышы бардыгына, анын билдирүүлөрү менен аракеттери өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келтирерине негиздеген.

XS
SM
MD
LG