Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Нарында 2 айыл округ башчылыгына аялзатынын өкүлдөрү шайланды


Ыйгарым укуктуу мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын облусунда 18-декабрда айыл округ башчыларын шайлоо башталды. Бүгүнкү күнгө карата 9 айыл округ башчысы атаандаштык негизде айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланды. Алардын экөө - айымдар. Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айыл округунун башчылыгына Динара Ысамамбетова кайрадан ишеним алса, ушул эле райондун Үгүт айыл округун жетектөөгө депутаттар Айгүл Орозобековага артыкчылык добуш беришкен. Ал эми 26-декабрга чейин дагы 19 айыл округунун башчылары депутаттардын элегинен өтмөкчү. Мындай маалыматтар облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Боогачиевден алынды. Нарын облусунда бардыгы 63 айыл округу бар. (KUs)

XS
SM
MD
LG