Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Т.Үмөталиева: Мага милиция кызматкерлери кол салды


Белгилүү укук коргоочу, Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоцияциясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 5-декабрь күнү түндө анын унаасын Бишкектеги Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери тосуп, тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчерээк укук коргоочу аны жөн жерден токтотуп, тинтүү жүргүзгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып, ИИМ жетекчилигин чара көрүүгө чакырган. Бирок ушул күнгө чейин ал милиция кызматкерлерине чара көрүлгөн эмес.

Буга байланыштуу укук коргоочу дүйшөмбү күнү маалымат жыйынын өткөрүп, Ички иштер министрине ачык кат менен кайрылмакчы.

Т.Үмөталиева өзүнүн милиция кызматкерлери тарабынан тинтилишин, документтеринин алынышын соңку кездерде болуп аткан окуяларга байланыштырууда. Анын айтымында, жакында эле мурдагы президент Аскар Акаевдин жакын адамдарынын бири болгон Болот Жанузаковдун токмоктолушунда чоң белги бар.

Айта кетсек, укук коргоочу Т.Үмөталиева да мурдагы президент А.Акаевдин жактап жүрөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG