Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Ооган парламенти жаңы кабинеттин курамын кароодо


Ооган өкмөтүнүн курамы парламенттин кароосуна сунушталды. Экинчи мөөнөткө шайланган президент Хамид Карзай негизги тармактардын башчыларын, атап айтканда коргоо министри Абдул Рахим Вардак, ички иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар жана финансы министри Хазарат Омар Захелвалды кызматтарында калтырууга ниеттенүүдө. Алардын кайра дайындалышын Батыш да каалайт. Талапкерлердин арасында донорлор бөлгөн каражатты максатсыз пайдаланган деп айыпталган кендер жана ажылык үчүн жооп берген министрлер жок. Тышкы иштер министри Рангин Спанта да болочок министрлердин тизмесине кирбей калды. Бирок анын ордуна эч ким сунуштала элек. Батыш Карзайды өкмөттү коррупциялашкан адамдардан тазалоого үндөп келатат. Кабинет 23 министрден турмакчы.

XS
SM
MD
LG