Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Токтогул айыл өкмөтүндө шайлоо качан өтөрү белгисиз


Жогорку Кеңештин депутаты Турдукан Жумабекова маалымат каражаттарына Токтогул айыл өкмөт башчысын шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын билдирди. Анын айтымында, район акими айыл өкмөт башчылыгына өзүнө жакын эки кишини сунуштаган. Аларды айыл кеңештин депутаттары шайлабай койгон. Буга дейре айыл өкмөттү башкарып келген Токторбек Чормошевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн жок. 19-декабрда район акими Таалай Чотоев айыл өкмөт башчылыгына сунушталгандар анын жакындары болбогонун маалымдады. Таалай Чотоев кылмыш иши козголгону жана иштеги кемчиликтери үчүн Чормошевдин талапкерлиги айыл өкмөтүнүн башчылыгына сунушталбаганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG