Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Уйгурлар Камбожадан депортацияланат


Камбожа бийлиги уйгур улутундагы 20 кишини депортациялоону чечти. Алар быйыл жайында Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу аймагындагы тополоңдордон кийин Камбожага качып, баш паанек алууга аракеттенишкен. Камбожанын Тышкы иштер министрлиги уйгурлар өлкөгө мыйзамсыз жол менен киришкен деп билдирди. Айрым кабарларга караганда, алар кайрадан Кытайга жөнөтүлүшү ыктымал. Вашингтон жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты качкындар мекенинде бийлик тарабынан жазаланышы мүмкүн деп, аларды Кытайга депортациялабоого үндөштү. Июлда Шинжаңда кыйталар менен уйгурлар ортосундагы кагылышууларда, расмий маалыматка ылайык, 200дөй киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG