Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Иранда белгилүү оппозиционер каза болду


Иранда таасирлүү аятолла Хоссейн Али Монтазери 87 жашында каза тапты. Ал уйкуга жаткан бойдон турган жок. Таасирлүү дин адамы катары Али Монтазери азыркы бийликти исламга жамынып алып диктатура орнотуп жатат деп бир нече ирет сындаган болчу. Ал 1979-жылдагы ислам революциясынын башкы архитекторлорунун бири катары да белгилүү. Ал ислам республикасынын негиздөөчүсү Рухоллы Хомейнинин мураскери болмок, бирок 1989-жылы аны менен уруша кеткен, ошондон кийин Ирандын башкы лидери болуп аятолла Али Хаменеи бийликке келген.

XS
SM
MD
LG