Мындан туура алтымыш жыл мурда, 1949-жылдын 20-декабрында айтылуу комузчу, композитор, ырчы, эл артисти Атай Огонбаев дүйнө салган. Залкар комузчу Бишкектеги филармонияда кызмат өтөп, убагында тубаса таланты абдан жогору бааланган. 1938-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Атайдын өнөрүн И.Сталин баштаган СССР жетекчилери жогору баалап, И.Сталин ага баалуу сыйлыктарын тапшырат. Андан көп өтпөй ал “Эмгек кызыл туу” ордени менен сыйланган. Улуттук, элдик музыканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн А.Огонбаевге Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам берилген.
Бүгүн А.Огонбаевдин талантын сыйлагандар үчүн аны эскерүү күнү. “Азаттык” үналгысы да залкар комузчуну эскерди. Кыргызстандагы белгилүү музыка таануучу, “Азаттыктын” “Талант тагдыры” маданий-музыкалык уктуруусунун автору Балбай Алагушевдун залкар комузчуну эскерген макаласын “Азаттыктын” интернет баракчасынан окуңуздар. (IJz)