Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Польшада 19 адам суукта тоңуп өлүштү


Европадагы катуу сууктан миңдеген туристтер көздөгөн жерлерине жете албай калышты. Германиянын айрым аймактарында сууктун күчү 33 градуска жетти.

Польшада 19 адам суукта тоңуп өлүштү. Алар үй-жайсыздар. Улуу Британия менен Францияны бириктирген темир жолдогу проблемалардан улам Ла-Манш кысыгынын таманы менен жүргөн темир жол поезддинин каттамы убактылуу токтотулду.

XS
SM
MD
LG