Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Ирандагы башкы диссидентти бүгүн жерге беришет


Өлкөдөгү таасирдүү динаятчылардын бири Хусейн Али Монтазерини акыркы сапарга узатуу каадасына өлкөдөгү оппозиция өзүнүн тарапкерлерин катышууга чакырды. Динаятчы 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал Ирандагы азыркы бийликти “диктатураны түзүп жатат” деп бир нече ирет айыптаган эле. Монтазери 30 жыл мурдагы “ислам революциясынын” негизги уюштуруучуларынын бири болгон жана ыңкылаптан кийин өлкөнүн башкы аятолласы болуп калмак. Бирок ошол учурдагы аятолла Рухолла Хомейни менен пикири келишпей калып, бул кызматка отурбай калган болчу.

XS
SM
MD
LG