Катуу кар жаап, температуранын деңгээли кескин түшүп кетти. Он миңдеген жүргүнчүлөр аба майдандарында, темир жол вокзалдарында жана көчөлөрдөгү автомашиналардын катарында калышты. Польшада кеминде 19 адам сууктан тоңуп өлдү. Германияда болсо температура -33 градуска түшүп кетти. Франция менен Британияны бириктирген темир жол каттамындагы иш үзгүлтүккө учурап, бир нече миң адам башка жакка жеткирилди. Бул темир жол каттамы бүгүн да иштебей турган болду.