Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Журналист Г.Павлюктун абалы оор бойдон калууда


Бул тууралуу Алматыга барып журналистин абалы менен таанышып келген “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Геннадий Павлюкту Алматыдагы үйлөрдүн биринде алтынчы кабаттын балконунан белгисиз адамдар тарабынан ырайымсыздык менен ыргытылышы жөнүндө “Ата Мекен” партиясы шейшемби күнү билдирүү жасайт.
Кыргызстандык белгилүү журналист, “Белый Пароход” интернет-гезитинин ээси Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматы шаарына жумуштары менен барып, эртеси күнү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин түбүнөн оор абалда табылган. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул кол салуу окуясын иликтөөгө алып, кылмыш ишин козгогон. (AJ)

XS
SM
MD
LG