Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Журналисттерге кол салууларды Бириккен элдик кыймылы айыптоодо


Бириккен Элдик кыймылы белгилүү журналист Геннадий Павлюктун (Ибрагим Рустамбек деген ысым менен жазып жүргөн) өмүрүнө кол салууну айыптаган билдирүү таркатты. Билдирүүдө ошондой эле Курманбек Бакиев бийликке келгенден бери 60 журналистке кол салуу болуп, 2 журналист өлтүрүлгөнү, ондогон журналист денесинен жаракат алгандыгы айтылат. Ошондой эле оппозициялык маанайдагы саясатчыларды ар кандай шылтоолор менен түрмөгө камап, журналисттердин, саясатчылардын, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн жана алардын жакындарына коркунуч туулганы белгиленген. БЭК мекендештерин мындай кейиштүү окуяларга кайдыгер карабай, ар бирин өздөрүнүн жеке мамилесин өзгөртүүгө чакырган. Президенттин катчылыгынын өкүлүнүн билдиришинче журналисттерге кол салууну бийлик эмес, башка бир күчтөр жасап жатышы мүмкүн. (AJ)

XS
SM
MD
LG