Элдик Кеңеш Конституциялык Соттун судьяларына жана парламенттин депутаттарына жолдогон кайрылуусунда Президент тарабынан парламентке сунушталган “Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоор Баш мыйзамга карама-каршы келери белгиленип, жаңы долбоор менен президенттин бийлиги атасынан уулуна өтүп, конституциялык падышалык бийлик орноору айтылат. Элдик Кеңеш Жогорку Кеңештин депуттарын жана Конституциялык Соттун судьяларын Президент сунуштаган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбооруна каршы добуш берүүгө чакырган. Президент башкаруу бийлигин реформалоо натыйжалуу болорун айтып, ал үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгилеген. (AJ)