Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Жогорку Кеңеш бул аптада пленардык үч жыйын курат


Бүгүн вице-спикер Чолпон Баекованын төрагалыгы астында Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши жыйын куруп,  бир аптага парламенттин иш-планын бекитти.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар 24-декабрда келээрки жылдын бюджет долбоорун, 25-декабрда Жер кодексине толуктоолор киргизип, автордук укук боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүүнү, 26- декабрда акыйкатчы жана этникалык кыргыздардын конституциялык укуктары боюнча мыйзам долбоорлорун карайт. Өкмөттүн Токтомуна ылайык 31-декабрдагы жумушчу күнү 26-декабрга которулганына байланыштуу депутаттар ишемби күнү да кызматка чыгышмакчы.  (EK)

 

XS
SM
MD
LG