Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

СДП фракциясы журналисттердин коопсуздугуна кабатыр


Бүгүн Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясы «SOS: Журналисттер, сөз эркиндиги коркунучта!» деген билдирүү менен чыкты. Анда фракция депутаттары өлкө жетекчилигинен журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча тезинен чара көрүүнү талап кылды.

Фракциянын билдирүүсүндө “2006-жылдан бери бардыгы болуп алтымыштан ашык журналистке кол салынган. 2009-жылдын июлунда түштүктө Алмаз Ташиев ур-токмоктон каза таап, дагы бир журналист Кубанычбек Жолдошев катуу сабалды. Барган сайын журналисттерди сотко берүү да күч алып, 2008-жылы эле ММК жана журналисттерге каршы элүү сот иши козголгон. 2005-жылдан бери өлкөдөн Ч.Орозобекова, Т.Бектенов, К.Биримкулов, Ж.Эдигеев, Х.Мажиева, С.Абдылдаев өңдүү журналисттер чыгып кеткен” деп айтылат.

Депутаттар орусиялык басылмаларга иштеген журналисттер Александр Князев менен Александр Евграфовдун сабалышы, «Белый пароход» интернет-гезитинин директору Геннадий Павлюкту көз жаздым кылуу аракетин социал-демократтар кескин айыптап, “Тартип коргоо жана сот органдары журналисттердин коопсуздугун коргой албай жатат. "Президент өз көзөмөлүнө алды" деген менен бир да кылмыш ишинин бети ачылып, күнөөкөрлөр өз жазасын алышпады. Бийлик бул үчүн эч аракет көргөн жери жок” деген нааразычылыгын билдиришти. Социал-демократтар “Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча Кеңешинин мүчөсү болгондон кийин бул көйгөйлөргө олуттуу мамиле кылып, аны чечүү үчүн бар аракетин көрүүгө милдеттүү” деп эсептейт. (EK)

XS
SM
MD
LG