Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Ла Манш кысыгында поездердин каттамы белгисиз мөөнөткө токтотулду


Ал жердеги туннелди тейлеген “Евростар” компаниясынын билдиргенине караганда, оңдоп-түзөө иштери үчүн кошумча убакыт талап кылынууда. Британияны Европанын калган бөлүгү менен байланыштырган жалгыз темир жолдо поезддердин каттамы жума күнү кечинде катуу сууктан улам пайда болгон техникалык көйгөйлөрдөн улам токтогон эле. Анда Лан Манш кысыгындагы туннелдин ичине бери деген беш поезд камалып калган. Туннелден 2000ден ашуун жүргүнчү эвакуацияланды. Жалпысынан поезд каттамдарынын үзгүлтүккө учуроосу 55 миңдей жүргүнчүгө зыянын тийгизди. Европада соңку күндөрдөгү катуу сууктан улам он тогуз адам тоңуп өлгөн. Алардын он беши - Польшанын тургундары. Германиянын кээ бир аймактарында сууктун күчү 33 градуска чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG