Мурдагы нацисттик лагердин кире беришинен кыргызчага которгондо “Эмгек эркин кылат” деген жазуу түшүрүлгөн темир таблица өткөн жума күнү уурдалып кеткен эле. Польша полициясынын билдиргенине караганда, үчкө бөлүнгөн темир жазуу өлкөнүн түндүк аймагынан табылды. Уурдоого тиешеси бар деген шек менен беш адам камакка алынды жана алардын нео-нацисттик топторго тиешеси бардай. Азыр мемориалга айланган мурдагы нацисттик лагерден Холокостун же миллиондогон жөөттөрдүн кырылуусунун символу болуп калган жазуунун уурдалышы дүйнө боюнча айыптоого алынган эле. Уурдоонун жүйөөсү азырынча анык белгисиз. Освенцимде Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бир миллиондой адамдын, көбүнесе жөөттөрдүн өмүрү кыйылган.