Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

“Ата Мекен” партиясы билдирүү таратты


Анда журналист Геннадий Павлюкка байланыштуу окуя кокустук эмес экендиги белгиленип, "Кыргызстандагы акыркы кездердеги саясий абалды анализдөө Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык, криминалдык режиминин башкаруусун көрсөттү”,- деп айтылат. “Ата Мекен” партиясы алар менен тыгыз кызматташтык байланыштагы Геннадий Павлюкка карата зомбулукту сөз эркиндигин чектөөгө багытталган кол салуу катары баалап, жалпысынан Кыргызстандын атуулдарын жана саясий атаандаштарын коркутуу үчүн жасалганын белгилеген. Аталган партия Бакиевдин авторитардык режими тоталитардык режимге өткөнүн, бул мамлекеттин жана коомдун аброюна шек келтирбестен, айрым үй-бүлөлөргө кайгы-муң алып келгенин билдирген. Билдирүү “Азаттыктын” почтасына кеч келгендиктен буга байланыштуу президенттин катчылыгынан жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG